Бишкек шаарындагы  Логвиненко жана  Лев Толстой көчөлөрүнүн кесилишиндги жылуулук системасы бүгүн жарылды. Бул тууралуу  Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришти. 

 

 

Анда айтылгандай, кырсык тууралуу маалымат  саат 09:30да келип  түшкөн. Белгилүү болгондой,  жылуулук системасы менен байланышкан бочка жарылган. Андан  4 адам кырсыктап, алардын экөө оор абалда экен айтылууда.