КР Акыйкатчысы Токон Мамытов СССРдин Эл артисти, белгилүү кинорежиссер Болот Шамшиевге «Акыйкат» медалын тапшырды.
Бул тууралуу Акыйкатчылыктан билдиришти.
Анда айтылгандай, акыйкатчы Токон Мамытов режиссер Болот Шамшиевдин чыгармаларында адам укуктарынын маселелери таасирдүү чагылдырылгана басым жасады.
Шамшиевдин айтымында, жаңы жазган «Эсимде» романынын башкы каарманы Кыргыз Республикасынын жазык мыйзамдарына негиз салуучу, белгилүү юрист-окумуштуу Карпек Курманов болгон. Романда башка да тарыхый инсандар бар жана чыгарманын негизинде телесериал тартууга болот.