Юрист Муса Бейшенов маалымат жыйынында айрым маалымат каражаттарында жарыяланып жаткан фейк-маалыматтардын терс таасири канчалык экенин айтып берди. 

 

Ал кытай ишкерлери чыгарып кеткен каражаттар тууралуу журналисттик иликтөөгө басым жасады. 

 

"Дордой", "Кара-Суу" жана "Мадина" базарларындагы ишкерлер акчаларды коммерциялык банктар аркылуу которушат жана легалдуу болуп саналышат. Акча которуулардын баары Улуттук банк, Мамкаржыкөзөмөл жана Финпол тарабынан көзөмөлгө алынат, эч кандай эреже бузуу болгон эмес.

 

Айрым маалымат каражаттарына жарыяланган фейк маалыматтардан улам ишкерлер кытайлык өнөктөштөр кызматташууну токтотуп, товар жөнөтпөй коюшат деп чоочулап жатышат. Анда мамлекеттин казынасы да ири суммадагы чыгашага учурайт. Коомчулук ишкерлерди Кыргызстандан акча чыгарып жатышат деп ойлоодо. А бирок, так ошол ишкерлер бүгүнкү күндө расмий, таза иштешет. Алар Кыргызстандын банк системасына көмөк көрсөтүшөт, мурдагыдай чемодандап акчаларды алып кеткен учур жок", - деди Муса Бейшенов. 

 

Маалымат жыйынында белгилүү болгондой, "Мадина" базарынын аймагында 10 коммерциялык банктын филиалдары бар. алардын баары өз ишин ийгиликтүү алып барышууда.