Бишкекте "Мерседес" үлгүсүндөгү автоунаа бала менен энени сүзүп кетти. Бул тууралуу Жол кыймылын көзөмөлдөө кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, кырсык 1-июнда болгон, саат 23:30да Шералиев көчөсүндө жол кырсыгын жараткан автоунаанын айдоочусу качып кеткен.
Жабыркагандар ошол жерден мерт болушкан. Алар 34 жаштагы К. Ы. жана анын төрт жаштагы уулу экени аныкталган.
Автоунаанын айдоочусу кармалып, ал 19 жаштагы З.К. аттуу жаран болуп чыккан.