2-июнда УКМКнын Антикоррупциялык кызматынын кызматкерлери тарабынан КР Президенттик аппаратынын мыйзамдуулук жана соттук реформа бөлүмүнүн экс-башчысы Манас Арабаев кармалганын УКМКдан билдиришти.
Маалыматка караганда, УКМКнын Антикоррупциялык кызматы чет элдик инвесторлордун ишкердик объекттерин рейдерлик кылып тартып алуу менен алектенген уюшкан кылмыштуу топторго жардам берген кызмат адамдарынын кылмыш аракеттерин иликтөөнү улантууда.
Манас Арабаев да ушундай кылмыштарга шектелип кармалган. Ал учурда УКМКнын тергөө абагына киргизилди.