Санкт-Петербург шаарында эрезеге жете элек кызды зордуктаган деп Кыргызстандын жараны шектелип жатат. Бул туураулуу орусиялык басылмалар укук коргоо кызматтарынын маалыматына таянып жазып чыгышты. 

 

Маалыматка караганда, 17 жаштагы жабырлануучу Артур аттуу чала таанышы Лисий Нос шаарчасында 30-майга караган түнү автоунаанын ичинде зордуктаганын айткан. Эркек максатына жеткенден кийин кызды коллеждин алдына түшүрүп кеткен. 

 

Кыз дароо дарыгерлерге кайрылган. Балдар ооруканасынын дарыгерлери анын башындагы, көкүрөгүндөгү, жыныс мүчөсүндөгү жарааттарды тастыкташып, полицияга кайрылышкан. 

 

Укук коргоо кызматкерлери шектүүнү аз убакытта кармашкан. Ал Кыргызстандын 22 жаштагы тургуну болуп чыккан. Маалым болгондой, шектүү Россияга иштеп акча табуу үчүн барган.