Бишкек шаарынын мэри Азиз Суракматов окуучунун өлүмүнө жооптуу болгон бардык мекеме башчыларын жоопкерчиликке тартууну талап кылды. Бул тууралуу ал укук коргоо кызматтары менен координациялык кеңешмеде билдирди. 

 

Ал эми мэриянын аппарат башчысы Балбак Түлөбаев вице-мэр Татьяна Кузнецовага, билим берүү башкармалыгынын башчысы Сауле Мейрмановага, Биринчи май районунун акиминин орун басарына дисциплинардык сөгүш жарыялоо керектигин айтты. 

 

Эске салсак, 29-майда №48 мектептеги окуучулардын мушташынан 9-класстын окуучусу каза тапкан.