Бишкекте «Коррупцияга каршы чыныгы күрөш үчүн» деген ураан менен тынч митинг өткөрүү пландалууда. Жарандык активист Рита Карасартова соцтармактагы баракчасына мындай деп жазды:
«Азыр биз чечкиндүү кадамга барбасак, эч нерсе оңолбойт окшойт. Сизди азыркы коррупция менен күрөш канааттандырабы? УКМКнын иши канааттандырабы? Миллиондор бюджетке түшпөй жатканы, ошол маселеге бийлик кош көңүл болуп, күрөш саясий багытка оогону сизди канааттандырабы?»
Айтымында, мэрияга эки саатка созула турган митингди 3-июнда өткөрүү пландалып жатканы тууралуу билдирүү жөнөттү.