Мегакомдун директору Акылбек Жамангулов колуна 200 миң сом айлык акы алат. Бул тууралуу өзү депутаттык комиссиянын жыйынында билдирди.
Депутат Гүлшат Асылбаева "КТ Мобайл" жана "Альфа Телеком" мамлекеттик уюлдук операторлордун кызматкерлери айын канча акча алаарына кызыкты. Мамлекеттик мүлктөрдү башкаруу Фондунун башчысы Ренет Түлебердиевдин айтымында, жыл башында маяна фонду талкууланаарын белгиледи. Айтымында, мамлекеттик компаниялардын директорлору айына орточо эсеп менен 1 миң долларга чейин алышат. Мегакомдо айлык көп, анткени, кызматчылардын башка уюлдук операторлорго кетип калуусун каалашпайт.
"Мен колума 200 миң сом алам. Орун басарым 165 миң сом алат. Башка уюлдук операторлордо маяна эки -үч эсе көп. Абдан көп адистерди 500-1000 доллар маяна коюушуп азгырышат. Белгиленген маянаны мен жогорулата албайм. Ага мыйзам жол бербейт. Салыштырып айтканда, башка уюлдук компаниялардын директорлору 18 миң доллардан 28 миң долларга чейин алышат", - деди Жамангулов.