Жакында кыргыз элине аттын кашкасындай таанымал публицист, журналист, жазуучу агабыз, Кыргызстандын Улуу Британиядагы экс-элчиси Кубан Мамбеталиевдин “Истина Фетхуллаха Гюлена” (“Фетхулах Гүлендин чындыгы”) аттуу китеби жарык көрдү. Бул китепке берилген айрым пикирлерден цитата келтирдик (орус тилинен которулду)...

 

 

“Гюлендин мектептери дүйнө жүзүнө кеңири тарады. Бул адан сапаттуу окуу жайлар.”

                Александр Кацев,

  Кыргыз-Орус (Славян) университетинин профессору

 

“Гюлендин билимге болгон көз карашы жаңы жана оригиналдуу. Бул илим менен техниканын жетишкендиктерине таянат.”

                Асан Ормушев,

   Эл аралык Кувейт университетинин ректору

 

“Фетхуллах Гюлен мусулмандардын баарысына үлгү болду. Бул инсан адамзаттын залкарына айланды. Мунун  сапаттуу мектеби жүздөгөн мамлекеттерде ачылды.  Мындай  мектеп жаштарды эң алдынкы, эң жакшы нерселерге жакындатат.”

                Ишенгүл Болджурова,

    педагогика илимдеринин доктору

 

“Турциянын азыркы бийлиги Гюленди “терроризге” ыктагысы келет. Бул акылга сыйбаган абсурд, себеби террористтердин башчыларына биринчи так ушул адам каршы чыкканы дүйнөгө белгилүү факт. Гюлендин чындыгы адилетсиз аракеттерди акыры женип чыгат. Китептин автору Кубан Мамбеталиев ушул ойду так көрсөтүп берди.”

                  Салима Шарипова,

    Кыргыз Республикасынын маданиятына

               эмгек сиңирген ишмер