Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия 15-майдан тарта “Сабаттуу бол” акциясын өткөрүүдө. Иш-чара “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” мыйзамынын кабыл алынгандыгынын 30 жылдыгына карата уюштурулду.

Акцияга борбор калаадан 1100 адам катышып, алардын арасында мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер, окуу жайлардын, мектептердин, бала бакчалардын мугалимдери, журналисттер жана Бишкектеги ЖОЖдордун студенттери катышышты. Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын маалыматына караганда акцияга мындан сырткары, ЖКнын депутаты Чыныбай Турсунбеков, маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары Нуржигит Кадырбеков, КРнын эл аристтери, белгилүү дикторлор дагы катышкан.


Бишкек боюнча эң жогорку “эң жакшы” баллын 63 киши алгандыгы белгилүү болду.


Ошол эле маалда, “2” (463 киши) жана “1” (26 киши), ал эмес “0” баасын (интернеттен көчүргөндүктөрү үчүн) 18 киши алганы да айтылууда.

 

27-майда аяктаган бул акциянын катышуучулары кандай баа алгандыгы тууралуу толук жыйынтык чыга элек. Канткен менен мындай демилге азыркы ааламдашуу шары менен турмушубуз туташ интернетке кошулуп кетип, адамдар кол менен жазууну унута баштаган учурда өтө керектүү иш чара болду. Андыктан Мамлекеттик тил комиссиясы мындан ары да жок дегенде мамлекеттик кызматкерлердин сабаттуулугун текшерүү үчүн ушундай жат жазуу экзаменин өткөрүп, алар алган баасына жараша кызматка орношсо, иш кагаздары жана эл аралык жыйындардагы сабатсыз жазылган каттар менен баннерлер азаяр беле?

   

Булак: “Майдан.kg” гезити