Өткөн жумада республикабыздын баардык мектептеринде “Акыркы коңгуроо” кагылып, окуучулар каникулга тарашкан менен алардын ата-энелеринен “ремонтко” деп акча чогултуу күч алууда.

 

Мындай окуя ушул жумада Ош шаарындагы Михаил Ломоносов мектебинде орун алып, балдардын ата-энелеринин кат жазышуулары соцтармактарга тарап кетти. Анда класс жетекчи мектепти оңдоого акча бере элек баланын ата-энесине кайрылып, төлөп коюуну суранган. Юристтер камкордук кеңештери жүргүзгөн мектептеги акча жыйноолорго мугалимдин кийлигишүүгө укугу жок экенин айтууда. Анткен менен, мугалим бул жерде эки оттун ортосунда калып жатканын айта кетүү керек. Себеби, класс жетекчини акча чогултууга директорлор мажбурлап жатышканы айдан ачык. Жетекчинин талабын аткарайын десе, бизде жарандык коом күчтүү, дароо эле жаманатты кылып киришет. Ошондо, 5-6 миң сом айлыкка араң иштеген мугалим кайда барат?

 

Өйдөдөгү маалыматка келсек, Жайнагүл Аматова аттуу жаран 25-майда Ош шаарындагы Михаил Ломоносов орто мектебинин ремонтуна акча жыйналбай, ата-энелер арасында пикир-келишпестик орун алганын жазып чыккан. “Ар бир окуучу 1000 сомдон мектеп фондуна сөзсүз, 500 сомдон класска сөзсүз төлөшүңөр керек деп милдеттендирип жатышат. Өзү мектептерге мамлекеттен акча бөлүнөбү?”,- деп суроо салган ал.

 

Бул эми өлкө аймагындагы эки миңден ашык мектептердин бириндеги гана соцтармактарга тарап кеткен окуя. Ал эми көпчүлүк ата-энелер ары карап ыйлап, мугалимдерди карап күлүп, айла жок алар сураган акчаны “барымтада калган” баласы үчүн берүүгө мажбур болушууда. Баарынан кейиштүүсү, ошол ар бир окуучунун башынан орто эсеп менен 1000-2000 сомдон чогултулган акча мектептин имаратын оңдоого же башка материалдык керектөөсүнө жумушалса да мейли эле. Иш жүзүндө ар бир мектептен топтологон миллиондогон сом акчалар директордун жана анын жакындарынын гана сол чөнтөгүнө түшүп кетүүдө. Алар болгону жасаган иштерин он эсе көбөйтүп жазышып, эптеп сандардын артына нөлдөрдү кошуп коюшат. Эмне үчүн коррупцияга каршы күрөшүп жаткан УКМК баш болгон органдар бул көз көрүнөө ата-энелердин тонолушуна кайдыгер мамиле жасашат?

 

Булак: “Майдан.kg” гезити