Өлкөбүздө өмүр бою тытынып иштеп жүрүп, араңдан зорго бир бөлмөлүү батир алышса, төбөлөрү көккө жете сүйүнгөн үй-бүлөлөр бар. Анан ошол батирде «үңкүр да болсо үйүм бар» дешип, аялы-күйөөсү, 5-6 баласы менен жашай беришет. Кымбат баалуу, баасы асманды чапчыган машина алууну кыял катары гана көрүшөт. 

 

Бирок, ошол эле убакта катар-катарынан батир, хансарайларды, баасы 30-40 миң доллар, алтургай 100 миң доллардан ашкан машиналарды алып, короосуна токтотуп койгон «байбачалар» да аз эмес. Ошолордун бири Жогорку Кеңештин экс-спикери, учурдагы депутат Чыныбай Турсунбеков болуп саналат. Ал депутат болуп да, спикер болуп да эч кандай иши менен өзгөчөлөнө алган жок. Бирок, өтө көп санда кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктөрү менен өзгөчөлөнө ала турганын айтып коюшубуз керек. Бул макалабызда биз анын фирмалары, заводддору тууралуу сөз кылбастан, батирлери, үйлөрү, машиналары тууралуу маалыматты коомчулукка жеткирип коюуну туура көрдүк.

 

Ч.Турсунбековдун өзүнө төрт батир катталган. Алар Бишкек шаарынын Ч. Айтматов проспектиси үй №97/1 дарегиндеги 80, 41, 57 жана 79-батирлер. Бардыгы бир эле көп кабаттуу үйдө.

 

Аялы Н. Тентимишевага Бишкек шаарынын Самойленко көчөсү үй №3 «В» дарегиндеги батир катталган.

 

Бишкек шаарынын Достук кичирайонунун үй №5/9 дарегинде 12-батир кызы Чыныбай кызы Бегимайга катталган. Борбор калаабыздын Ч. Айтматов проспектиси үй №97/1 дарегиндеги 79-батир А. Турсунбековага катталган. Ага мындан тышкары Бишкектеги Логвиненко көчөсү үй №21/2 дарегиндеги 8 жана 1-батирлер да тиешелүү.

 

Бишкек шаарынын Ч. Айтматов проспектиси №97/1 дарегиндеги 134-батир жана Бишкек шаарынын Матросов көчөсү №68 дарегиндеги турак-жай Чыныбай мырзанын уулуна катталган.

 

Борбор калаанын Тыныстанов көчөсү үй №104 дарегиндеги 57-батир Н. Турсунбековага катталган. Мындан тышкары ага Аламүдүн районунун Көк-Жар айылы Карагул-Акмата көчөсүндөгү коммерциялык павильон да катталган. 

 

Бишкек шаарынын Д. Садырбаев көчөсү үй №193 дарегиндеги турак-жай Ж. Турсунбековага катталган. 

 

Уулу Чыныбай уулу Эржанга Ысык-Көлдүн Кара-Ой айылындагы курорттук-рекреациялык зонадагы квартал тиешелүү. Ал жакта дагы мончосу бар. Булардан сырткары экс-спикердин уулу Бишкек шаарынын Москва көчөсү үй №161 дарегинде административдик имаратка жана дагы Тоголок-Молдо көчөсү үй №7 дарегинде жайгашкан турак-жай эмес имаратка ээлик кылат.

 

Ч.Турсунбековдун өзүнө да катталган өндүрүштүк багыттагы турак-жай эмес имараттар бар. Мисалы, Бишкек шаарынын Ч. Айтматов проспектиси үй №97/1 дарегиндеги эки имаратты айтсак болот. Ошол эле даректе №30, №33, №66 жана №110 унаа токтотуучу орундарга да ээ. Чыныбай мырзанын өзүнө 2005-жылы чыккан «Мерседес-Бенц 313 CDI» машинасы да катталган.

     

Аялы Н. Тентимишевага 2012-жылы чыккан «Лексус-LX 570» катталса, 2006-жылы чыккан «Тойота-РАВ 4» машинасы А. Турсунбековага катталган. 2006-жылы чыккан «Мерседес-Бенц-S450» автоунаасы Ж. Турсунбековго тиешелүү.

     

2003-жылы чыккан «Субару-Форестер» машинасы Н. Турсунбековго катталган. Чыныбай кызы Бегимайга болсо үч машина: 2006-жылы чыккан «Мерседес-Бенц-ML 350», 2016-жылы чыккан «Тойота-РАВ 4» жана 2002-жылы чыккан «Лексус-RX 300» таандык.

     

Мына ушул мүлктөрдү карап отуруп, Чыныбай Турсунбеков жети атасынан бери бай болуп келгенби деген суроону бергиң келет. Бирок, анын ата-теги андай деле бай болбогону, алтургай Ч. Турсунбеков тээ 1990-жылдары эле дурусураак акча таба албай жүрүп, анан Түркияга барып иштеп жүрүп, бизнеске аралашканын коомчулук билет эмеспи. Анан кантип мынчалык баш айланткан мүлктөргө ээ болуп алган? Буга да укук коргоо органдары көңүл бурушу керек деген ойдобуз.

 

Булак: "Чалкан"