Жогорку сот “Ата Мекендин” юристтери Канатбек Азиз менен Таалайкуль Токтакунованы мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин ар-намысына шек келтиришине байланышкан доо боюнча күнөөсүз деп тапты. Буга чейин Октябрь райондук соту Өмүрбек Текебаевдин мурдагы жактоочуларына экс-президентке 10 млн сом төлөп берип, алардын мурда пресс-конференцияда айткан маалыматтарын расмий түрдө төгүнгө чыгарышын милдеттендирген болчу.

 

2017-жылдын март айында Таалайгүл Токтакунова менен Канатбек Азиз КРнын президенти Алмазбек Атамбаевдин Дача-СУ айылынын жанында кыйраган Boeing-747 учагындагы жүккө тиешеси бар деген билдирүүсүн таратышкан.

 

Ошол кездеги Башкы прокурор “мамлекет башчысынын ар-намысын коргоо” максатында доо арыз берген. Октябрь райондук, Бишкек шаардык жана Жогорку соттор доо арызды толугу менен канаттандырып, ар бир жоопкерден 10 млн сом өндүрүлсүн деп тапкан.

 

Ошондой эле Башкы прокуратура бул маалыматты ЖМКна жарыялагандарга каршы да доо арыз берип, жалпы жонунан 27 млн сом компенсация өндүрүүнү талап кылышкан. Бирок, кийин Атамбаев каары “жылып”, Башкы прокуратура медиа өкүлдөрүнө каршы доо арыздарын айтка кайтарган.

 

Баса, ушул жумада президент С.Жээнбеков да экс-президенттерди сот жообуна тартуу тууралуу мыйзамга кол койду. Айтор А.Атамбаевдин ооматы менен кошо баркы да күндөн күнгө жоголуп, көзүнө түрмө гана элестеп калгандай. Себеби А.Батукаевдин бошотулушу боюнча камалгандардын катары ага да жетүүдө. Бул “түрмөдөн бошотуу” операциясын АША өзү көзөмөлдөп тургандыгын ошол учурдагы Акыйкатчы Т.Акун да ММКлар аркылуу жар салууда.

 

Булак: “Майдан.kg” гезити, №019, 22.05.2019-ж.