Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан 2018-жылдын январь айынан 2019-жылдын май айына чейинки аралыкта, Ош шаарынын аймагында “көмүскө кумарканаларды уюштурганга шектүү” катары 9 жай аныкталган.
 

Алар:
1. Супаналиева көчөсүндөгү “Прадо” оюн-зоок клубу (шаардык стадиондын жанында);


2. Раимбеков көчөсүндөгү “Мейгранд” оюн-зоок клубу;


3. Ленин көчөсүндөгү “Бархан” оюн-зоок клубу;


4. А.Масалиев көчөсүндөгү “Азык-Ордо” дүкөнүнүн жер төлөсүндөгү оюн-зоок клубу;


5. “Анар” кичи шаарчасындагы “Миллион” супер маркетине улай жайгашкан оюн-зоок клубу;


6. Масалиев проспектиси менен Ленинград көчөлөрүнүн кесилишиндеги оюн-зоок клубу;


7. А.Новои көчөсүндөгү “Де Люкс” мейманканасынын имаратына улай жайгашкан оюн-зоок клубу;


8. Райимбеков көчөсүндөгү “Тадж-Махал” мейманканасында жайгашкан оюн-зоок клубу;


9. Ленин көчөсүндө жайгашкан “Таш-Рабат” универмагына улай жайгашкан оюн-зоок клубу.


Булардын 7 оюн-зоок клубдары Ош шаардык милициясынын аракети менен жабылган.


“Тилекке каршы, жогоруда аты аталган жайлардын айрымдары укук коргоо органдарынын аракеттерине нааразылык көрсөтүшүп, милиция кызматкерлеринин үстүнөн көзөмөл органдарына арыз жазышып, кумарканаларды жабууга ниеттенген милиция кызматкерлерине карата басым жасоого аракет жасашууда”,- деп айтылат милициянын маалыматында.


13-майда Ош шаарында көмүскө иш жүргүзгөн кумаркана катары сөз болгон мекемени тартып жаткан учурда журналисттерге кол кол көтөрүү болгон. Ушундан кийин, 14-майдагы шаардык кеңештин сессиясында мэр Таалайбек Сарыбашев “көмүскө кумарканаларга милициянын аралашы канчалык?”- деген маселе көтөргөн.


Кыргызстанда 2012-жылдын башынан тартып казино жана башка кумар оюндарына тыюу салынган. 2015-жылдын 29-апрелинен тартып букмекер кеңселерине, тотализаторлорго да чектөө коюлган. 


Булак: “Майдан.kg” гезити, №019, 22.05.2019-ж.