“Оюндан от чыгат, осурактан бок чыгат”,- демекчи, Өзгөн районунда бир айга камакка алынган жана милиция кызматкерлери тарабынан тумчуктурулуп, сабалган блогер Бауржан Кадырбековдун айынан аз жерден улуттар аралык жаңжал чыгып кете жаздап барып токтогонсуду. Кырдаал аны каматкан ишкер аял мечитке барып, ооз ачып жаткан элден кечирим сурагандан жана “Кыргыз элине эч кандай жаман оюм жок...”,- деген сөзүнөн жана милиция блогерди камактан бошоткон соң гана жөнгө салынды.  

 

“18-май күнү блогердин жактоочусу Өзгөн районунун тергөө кызматына ишенбөөчүлүк көрсөтүп, облустук ички иштер башкармалыгына кайрылган болчу. Ош милициясы блогерге “Бейбаштык” беренеси боюнча козголгон ишти облустук тергөө кызматына алдырып, ишти карап жаткан учурда чатакташкан эки тарап бири-бирин кечиришип, алардын үстүнөн козголгон иш кыскартылды”,- деп тастыктады Ош ОИИБнин басма сөз катчысы Ж. Аширбаев.

 

Б.Кадырбеков милиция тарабынан 8-майда кармалган болчу. Ал Өзгөн шаарынын тургунун темир таяк менен ургулап, денесине жаракат келтирүү боюнча шектелген. Блогер да тургундун үстүнөн арыз жазган.

 

10-майда райондук сот “Бейбаштык” беренеси менен Бауржан Кадырбековду бир айга камакка алуу чечимин чыгарган. Блогер Ош шаардык тергөө изоляторунда кармалган.

 

“10-май күнү Өзгөн шаарында сот болгон. Булар мага эч кандай мүмкүнчүлүк беришкен жок. Мага адвокат берилиши керек болчу. Күнөөмдү далилдебей эле бир айга камакка алуу чечимин чыгарышты. Ошол жерде дагы коркутуулар башталды. “Бир айдан кийин беш жылга отургузалы” дешти. “Бул коомдук жайда болгон окуяларды элге жарыялап, бизге тынчтык бербей жатат” деп жатышты. Ошону уккандан кийин өзүмдү начар сезип, эс-учумду жогото баштадым. Ошондо кызматкерлер мени көтөрүп алып чыгып кетишкен. Ошол учурда бетимди жаап, тумчуктурушкан. Андан кийин өзүмө келсем бутум баспай калыптыр”,- деп айтып берди Б.Кадырбеков милиция кызматкерлеринен көргөн запкысын.

 

Алгач Б.Кадырбеков блогер катары Өзгөндө соода жайларда мөөнөтү өтүп кеткен азык-түлүктөрдүн сатылып жатышын видеого тартып алып, андан соң дүкөн ээлеринен акча талап кылгандыгы тууралуу маалымат чыккан. Сыягы, бул блогердин эмес, санэпидстанция сыяктуу мекемелердин иши болушу керек эле. Ал эми айыбы моюнуна коюла элек адамды ур-тепкиге алып, тумчуктуруп койгон жана майып кылган погончондор жазага тартылабы?

 

 Булак: “Майдан.kg” гезити, №019, 22.05.2019-ж.