Казакстанда 9-июнда боло турган президенттик шайлоонун кесепетиби же сугат маалы келгенде кыргыз тарапка кезектеги “ультиматум” коюлуудабы, айтор акыркы күндөрү кыргыз-казак чек арасында баурдастар оор жүк ташуучу машиналарды тыкыр көзөмөлгө алышууда.

 

Маалыматка караганда, казак тарап беш-алты машинени бир сааттан текшерип жатат.

 

Кыргызстандык чек арачылар тыюу салынган баңгизаттарды, курал-жарак жана ок-дарыларды, жарылуучу каражаттардын бар-жогун гана текшерүүдө.

 

19-майда “Ак-Тилек” көзөмөл өткөрүү пунктунда 50дөн ашык жүк ташуучу автоунаа топтолуп калган. Кыргызстандын Чек ара кызматы муну казак тарап көзөмөлдүн бир канча түрүн аткарып жатканы менен түшүндүргөн. Интернетте “Ак-Тилекте" кезектен улам айдоочулар менен чек арачылар ортосунда пикир келишпестик пайда болгону тууралуу да видео тарап кеткен.

 

Ал эми Казакстандын Кыргызстандагы элчиси Карим Көкрөкбаев көкөбүз жакында журналисттер үчүн уюштурган маалымат жыйынында кыргыз тараптан көпчүлүк учурда Кытайдан же башка ЕАЭБге мүчө эмес өлкөлөрдөн аткезчилик жүктөр ташылып жаткандыгын айткан болчу. Мисалы, биздикилер Кытайдан дүңүнөн арзан байпакты алып келет экен да, ага “Кыргызстанда жасалган” деген этикетканы чаптап туруп, Казакстан, Россия же башка биримдикке мүчө мамлекеттерге сатып жиберет экен. Ал тургай машинага кездеме жүктөп, чындыгында картошка ташып бараткан учурлар да кездешерин айтты эле элчи мырза.

 

Эгер бул фактылар чын болсо, анда биздин ишкерлерден тартып, тийиштүү органдар да ойлонууга, айыпты башкалардан издебей, өз жоопкерчилигин сезүүгө тийиш го.

 

Булак: “Майдан.kg” гезити, №019, 22.05.2019-ж.