Н.Муканованын айтымында, улуттук форумдун тең төрагасы Бакыт Сатыбековдун бир тууганы жана өкүл баласы форумдун курамында иштейт. Ал үчөө тууганчылык байланыш менен чечим чыгарат. Ага улуттук форумдун мүчөлөрү макулдугун беришет.

 

Муканова улуттук форум жүргүзгөн саясатка макул болбой, мүчөлүктөн чыгып кеткенин да белгиледи.

 

«Себеби, долбоорго кирген 9 уюм коалиция түзүп, улуттук форум бекиген. Бирок коалицияга бир топ эл аралык уюмдун өкүлдөрү кириши керек. 9 уюм гана өкмөттүн ичинде иштеп, башка уюмдарды киргизбей коюшту. Ал эми «Ачык өкмөт» долбоорунун катчылыгынын жетекчиси Иманкадыр Рысалиевди коалиция шайлаган эмес. Мен улуттук форумга мүчө болуп келгенде эле төрага болчу», — дейт Муканова.

 

Анын билдиргенине караганда, «Ачык өкмөт» долбоорунун көпчүлүк демилгелери эл аралык уюмдар тарабынан каржыланат. Ал эми долбоордун техникалык катчылыгын Европадагы Коопсуздук жана кызматташтык уюму (ЕККУ) каржылайт.

 

«Өкмөттөн ЕККУга кат жиберилип, катчылыкты жетектөөгө Рысалиев сунушталган. ЕККУ өкмөт сунуштаган кишини бекитип берет. Рысалиев жыйындарды алып барганына таң калдым. Ал ЕККУ тарабынан каржылангандыктан, чечим кабыл алуу укугу берилип калган. Бул туура эмес», — дейт Муканова.

 

"Марал"