Бишкек шаарынын мэри Азиз Суракматовдун мурунку калаа башчысы айдап жиберген жеринен мактап жатып кайра жумушка алган атайын өкүлү Гуля Алмамбетованын жоруктарына коомчулук эчак тоюп бүткөн. Жүрүш-турушуна деги эле түшүнүп болбойт. Ойду-тоону сүйлөй бергенден, ал мэриянын имиджин көтөргөндүн ордуна, түшүрүп жатат.

 

Жакында ЖКнын депутаты Махабат Мавлянова кыргыз кыздарын ачык үлпөт кийимдерди кийбөөгө чакырган эле.

 

"Кыргыз кыздары төшү жана далысы ачык үлпөт кийимдерин кийбей эле койгону оң. Ата-энелер ушундай той көйнөктөрүн кийүүгө уруксат бербеңиздерчи! Той күнү кайын журтуна биринчи көрүнөт. Ата энеси, чоң ата, чоң энелер назар салат. Кыргызда кыздар, келиндер, жарым жыланачтанып кийинген эмес, анын үстүнө үйлөнүү той күнү! Кылымдар карыткан кыргыздын улуу салттарын сактайлы", — деп жазган Мавлянова.

 

Бирок, Гуля Алмамбетовага бул кеңеш жакпай калган өңдүү. Андыктан, ал "Твиттерге" Мавляновага жооп иретинде: "Пошла нахуй"- деген жооп калтырган.

 

Бишкек мэриясы Гулянын коомчулуктун көзүнчө көрсөткөн маданиятсыздыгы боюнча үн ката элек. Мындай шермендечилик жаңы тарыхта боло элек болчу.

 

А-уу, Азиз Суракматов, Гуляңызды тыйып койбойсузбу? Негизи, бул жоругу үчүн аны жумуштан алуу да аздык кылат!