Ош шаарында 107-маршруттук каттам Рамазан айында жүргүнчүлөрдү акысыз ташый баштады. Бул жышаан эми Рамазан айынын аягына дейре улантылат.

 

- Орозо башталгандан бери 107- маршурттук каттамдын жетекчилери  жана айдоочулары өз ара кеңешип-таңашып, шаар тургундарына жеңилдик берүү максатында атайын акысыз ташый баштадык. Бул демилгени биздин кызматкерлердин баары толук бойдон колдоду. Айдоочулар мурдагыдай тартип менен эле иштеп жатышат,– деп кошумчалады Ош шаардык жүргүнчүлөрдү ташуу Агенттигинин кызматкери Эмил Жумаев.

 

Айтмакчы, Ош шаарындагы аталган маршруттук каттам эки жылдан бери орозодо жүргүнчүлөрдү бекер эле ташып келет.

 

Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчыбыз