“Эркин Европа\Азаттык” радиосунун Оштогу кабарчысы Ыдырыс Исаков Ош шаарында көмүскө иш жүргүзгөн кумаркана катары сөз болгон мекемени тартып жаткан учурда сабалган. Журналисттин бети, колу тытылып, кийими айрылган.

 

Бул окуя Ошто ири ишкер делген Жалил Атамбаев Ы.Исаковду 50 млн сом өндүрүү үчүн сотко берип, бирок Орозонун урматына доо арызын артка алгандан кийин болуп отурат.

 

Маалым болгондой, журналист өзүнө кол көтөргөн күзөт кызматынын кызматкерлеринин үстүнөн милицияга арыз жазуудан баш таркан.

 

Журналист Исаков менен кошо Ошто иш алып барган “Нур” телеканалынын кабарчысы Даткабек Шабданбеков да ыдык көргөн. Анын тартып алган видеосун күзөтчүлөр өчүрүп салышкан. Анын айтымында, кумаркана болушу ыктымал деген клубдун күзөтчүлөрү анын колун кайрып, телефонун тартып алышкан.

 

Журналисттер Ош шаарындагы Навои көчөсүндөгү “Делюкс” мейманканасынын капталында жайгашкан, аты жок кумаркананы тартууга барган. Бул тууралуу ири суммада акчасын уттурган баланын ата-энеси кайрылып, 2017-жылдан бери кумаркана иштеп жатканын билдиришкен. Жабыркаган тараптын маалыматына караганда, баласы 2017-жылдан бери 50 миң доллардай уттурган. Кумарканага акчасын уттурду делген жаран акчаны кайтарып берүүнү талап кылып жатат.

 

Ал эми жашыруун казино иштетет деген маалымат менен журналисттер барган жердеги кол көтөрүү боюнча ошол жердеги күзөт кызматынын 2 кызматкери шаардык милицияга алып келинди. Алар журналисттердин кесиптик милдетин аткарып жаткан жеринде жолтоо көрсөткөндүгү үчүн кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, тергөө сурагына алынганын Ош шаардык ИИБнын маалымат катчысы Замир Сыдыков билдирди.

 

Кыргызстанда 2012-жылдын башынан тартып казино жана башка кумар оюндарына тыюу салынган. 2015-жылдын 29-апрелинен тартып букмекер кеңселерине, тотализаторлорго да чектөө коюлган. Тыюу салынганына карабай, кумар оюндары Интернет аркылуу ойнолуп жатканы тууралуу маалыматтар коомчулукта айтылып, керек болсо, расмий органдар андайлардын бетин ачып келет. Ага карабастан, Ошто 2018-жылы эле 8 мекеме текшерүүгө алынган болсо, аларга карата экспертизанын жыйынтыгы менен андан аркы текшерүү кайра жабылган.    

 

Булак: “Майдан.kg” газетасы, №018, 15.05.2019-ж.