Бул тууралуу infotmator.kg порталына өздүк булактардан маалым болду.

 

Алар бизге жолдогон маалыматтарга карасак, компаниянын башкы директору Нурбек Мукамбетовдун бир айлык маянасы 350 миң сом же 5 миң АКШ долларын түзөт. Ошондой эле анын орун басары Эрназар Рысалиевдин айлык маянасы 300 миң сом. Андан ары Техникалык директор Николай Дмитриенко-290 миң сом, Долбоордун башчысы Руслан Гайдаров 140 миң, роуминг боюнча жетекчи Раушан Белекова 85 миң сом айлык алып, тизме узарып кете берет.

порталдын колуна тийген справка

Кызыгы, жакында «КТ-Мобайл» компаниясы мамлекеттик 2-уюлдук оператор болуп түзүлүп, байланыш рыногуна кирүүнү пландап жаткан. Бирок, 2018-жылы түзүлгөн бул компания өзү «Кыргызтелекомго» ири суммадагы карызы бар экени айтылып келет. Азырынча, компания мамлекетке бир тыйын салык төлөп, киреше да алып келе элек. Буга карабай, андагы кызмат жетекчилеринин бюджеттен, демек, элден чогулган салыктан чоң каражаттарды айлык катары алып жатканы түшүнүксүз.

 

Баса, economist.kg порталынын былйыл жыл башындагы маалыматы боюнча, «Кыргызтелеком» ишканасы Кыргызстандагы №1-карызы көп ишкана катары саналат жана анын жалпы карызы 107 млн. сомду түзөт. Башкача айтканда, мамлекетке жана жеке жактарга карызы көп, банкроттук ишкана.

Мурдагы министр Иманкадыр Рысалиев

Кошумчалай кетсек, буга чейин айрым маалымат булактары «КТ-Мобайлдын» башкы директорунун орун басары Эрназар Рысалиев мурдагы министр Иманкадыр Рысалиевдин уулу экендигин, ал болсо азыркы Өкмөт башчысы Мухаммедкалый Абулгазиевдин бажасы, экс-төрага Асилбек Жээнбековдун төрага маалындагы кеңешчиси экендигин жазып, муну ал өзү да ырастаган болчу.

Эрназар Рысалиевдин сүрөтү ачык булактардан

 

Булак: "Информатор"