Вице-премьер-министр Жеңиш Разаковдун тажик чалгындоосуна тиешеси бар деген маалымат айрым интернет-сайттарда жазылып, социалдык тармактарда жайылтылган болчу. Ал турмак Жогорку Кеңештин жыйынында да айтылган. Ал эми өкмөт маалымат жалган болуп саналаарын жана тек гана чагымчыл мүнөзгө ээ экендигин билдирди.
“Белгилей кетсек, бул сыяктуу маалыматтар Жеңиш Разаковдун инсандык аброюна жана вице-премьер-министр кызматтык ишмердигине шек келтирүү максатында жалпыга маалымдоо каражаттарында жана коомчулукта буга чейин бир канча ирет жайылтылган.
Жеңиш Разаков ички иштер органдарында эмгек ишмердигинин бардык баскычтарын басып өттү, Баткен облусунун Ички иштер башкармалыгынын башчысы, андан соң бул аймактын жетекчиси болуп иштеген.
Жеңиш Разаковдун тажик чалгындоосуна тиешеси бар болушу анын бүтүндөй кызматтык ишмердиги убагында байкалбай калмак эмес. Ушуга байланыштуу дагы бир ирет белгилей кетсек, бул сыяктуу маалыматтын эч кандай негизи жок жана коомчулукту адаштырууда.
Муну менен бирге Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети айтылган билдирүү боюнча текшерүү жүргүзөт жана текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча өз баасын берет”, - деп билдирди КР өкмөтү.