Уюштуруучулардын маалыматына караганда, жарышка профессионалдар жана активдүү жашоо образына басым жасаган бардык жарандар катышышты.
Өз өзүнчө старт менен башталган жекече жарыш – спорттук велотаймаштын түрү. Анда катышуучулар кезеги менен жарышка түшүп, катарлаша айдашат. Белгиленген чакырымды өтө аз убакыттын ичинде басып өтүүгө аракеттенишет.
Жарыш ушуну менен 9 жолу өткөрүлдү, бул жылы ага Кыргызстандан жана Казакстандан 150 спортчу катышты. Ошондой эле веложарышка ЖК депутаты Дастан Бекешев да катышты.