Эки тараптын тиешелүү органдарынын сүйлөшүүлөрү уланууда. Ошондой эле, сүйлөшүүлөргө Кыргыз Республикасынын Ички иштер министринин орун басары Мирлан Каниметов катышууда.


Азыркы учурда, ички иштер министрлиги чек ара кызматы жана башка мамлекеттик органдар менен биргеликте чек ара аймагындагы абалды жакшыртуу жана тынчтыкты, туурулуктулукту камсыздоо максатында комплекстүү иш-чараларды жүргүзүп келүүдө.


Мурда, келишкендей Кыргыз Республикасы менен Тажикистан Республикасынын ички иштер органдарынын кызматкерлери чек ара тилкелеринде жашаган жарандардын коопсуздугун, чек аранын бекемдигин сактоо, ар кандай мыйзам бузууларга жол бербөө максатында биргелешкен кыргыз-тажик милиция күчтөрүнөн турган патруль топторун түзүү менен бирге күнү-түнү патруль жүргүзүү чечими чыгарылган жана ушу күнгө чейин уланып келүүдө.


Ошол эле мезгилде жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо кызматынын кызматкерлери жана башка күч структураларынын кызматкерлери менен бирдикте коомдук коопсуздукту камсыз кылуу жана алдын алуу иштери толук кандуу ишке ашууда.


Азыркы учурда, тиешелүү органдардын жектекчилеринин алдында түзүлгөн кырдаалды турукташтыруу жана чек арадагы абалды жөнгө салуу боюнча боюнча түшүндүрүү иштерди тынымсыз жүргүзүү иш-аракеттери көрүлүүдө.