2019-жылдын 18-мартына карата 196 миң 946 салык төлөөчү Бирдиктүү салык декларациясын тапшырды. Анын ичинен 43 миң 86 юридикалык жак, 88 миң 743 жеке ишкер, 27 миң 382 жеке жак, 7 миң 441 салык салынуучу кирешеси жок жеке жак, ошондой эле 30 миң 294 мамлекеттик жана муниципалдык кызматкер.

 

Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынан билдиришти. 

 

Эске салсак, 1-апрелге чейин жеке жактар былтыркы жылы алынган кирешелер же жер тилкелери жана мүлк объектилери, экономикалык ишмердиктери тууралуу жана башка маалыматтар жөнүндө салык органдарына отчет берүүлөрү керек.

 

Аталган мөөнөткө чейин мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер, жеке ишкерлер, анын ичинде патенттик негизде салык төлөгөндөр, менчигинде кыймылдуу (транспорт), кыймылсыз (батир жана үй) мүлкү жана жер участогу (короо-жай участкаларынан башка) бар жеке жактар, ошондой эле, юридикалык жакты түзбөй туруп ишмердиктерин ишке ашырышкан дыйкан жана фермердик чарбалар Бирдиктүү салык декларацияны тапшырууга милдеттүү.