Чүй облустук ички иштер башкармалыгынын маалыматына караганда, 17-мартта, болжол менен саат 3:05те дежур бөлүмүнө 20-25 жаш курактагы азият түспөлүндөгү эркек кишинин бычак сайылган сөөгү табылганы тууралуу кабар келген.
Милиция кызматкери маркумдун өздүгүн аныкташты. Ал 29 жаштагы С.Т. болуп чыккан, маркум Чүй облусундагы партиялардын биринен өзүн өзү көрсөткөн талапкер болгон. Ошол эле күнү дежур бөлүмүнө ооруканадан 30 жаштагы Ш.Т. бычак жеп түшкөнү тууралуу маалымат жеткен.
Кылмышка шектүү катары убактылуу кармоочу жайга 24 жаштагы жергиликтүү тургун С.Д. киргизилди. Болжолдуу маалыматтарга караганда, Токмоктун көчөлөрүнүн биринде бир нече жаштар мушташып, жыйынтыгында бири каза таап, дагы бир алган жараатынан ооруканага жеткирилген.