Сауд Аравияда өтө турган «Көчмөндөр ааламы» эл аралык фестивалына Кыргызстандан спортчулар жана артисттер барышат.
Маалымат караганда, эртең, 2-мартта 400дөн ашык артисттерден жана спортчулардан куралган топ Сауд Арабиясын көздөй жолго чыгат. Алар король Салман ибн Абдул-Азиздин атынан жыл сайын уюштурулуучу Төөлөр фестивалынын алкагында өтүүчү «Көчмөндөр ааламы» эл аралык этнофестивалына катышышат.
Учуу эки чартердик каттам менен ишке ашаары белгилүү болду. Жергиликтүү убакыт боюнча эртең мененки саат 8.30де биринчи чартерде маданий программанын 200дөн ашуун катышуучулары кетет. Экинчи каттам саат 9:00дө болот, анда спортчулар учат.