Имараттар менен кошо аларга тиешелүү жер тилкелери да берилген. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.
Маалыматка караганда, Таласта курулушу аягына чыга элек көп кабаттуу үйдүн жери мыйзамсыз менчиктештирилгендиктен шаардын муниципалдык менчигине өткөрүлдү.
Ошондой эле, өткөн жылы прокуратуранын текшерүүлөрүнөн кийин мамлекетке 313 млн. 784 миң сом каражат кайтарылган. Кайтарылган объектилердин басымдуу бөлүгү мамлекеттик сатуу жана жер бөлүштүрүү мыйзамдарын бузуунун натыйжасында менчикке чыгарылып кеткени аныкталган.