«Бишкекжылуулуктармагы» ААКсы жылуулук үчүн эсепти кайра эсептөө маселесин кароодо. Бул тууралуу аталган ААКдан билдиришти.

 

Ушул жылдын январь айынын аягында Бишкек ЖЭБинде тармактык сууну жүгүртүүчү өткөргүчтө мүчүлүштүк табылып, анын айынан жылуулук менен ысык суу борбор калаанын түштүк райондоруна убактылуу берилбей калган.

 

Мындан улам энергетиктер жылуулук берилбеген күндөр үчүн төлөм кайра эсептелээрин айтышкан. Учурда бул маселе каралып жатат. Анда билдиришкендей, кайра эсептөө январь жана февраль айлары үчүн төлөмдөргө туш келет.