Депутат Рыскелди Момбеков парламент жыйынында саламаттыкты сактоо министри Космосбек Чолпонбаевге кымбат кызматтык унаада чалкалагысы келген аткаминерлердин бийликтеги тагдыры кандай аяктаганын кайрадан эсине салды.

 

 “Зилалиев да Лексус сатып алган, андан кийин эле кызматтан кетти. Транспорт министри да ушул себептен ээлеген ордун бошотту. Коопсуздук Кеңешинин жыйынында президент транспорт минисри кызматта калууга моралдык жактан акысы жок деди. Ошондуктан, мен сизге бизди кыйнабай эле өзүңүз кызматтан кете бериңиз деп кеңеш берем”, - деди Момбеков министрге кайрылып.