“Ата Мекен” фракциясы мөңгүлөрдү талкалоого тыюу салуу боюнча мыйзам долбоорун сунушташты.

 

Фракция лидери Алмамбет Шыкмаматовдун айтымында, Суу кодексине өзгөртүү киргизилет. Анда, Давыдов менен Лысый мөңгүлөрүн өңдүрүш иштери үчүн колдонууга уруксат берген норманы алып салуу керек.     

 

“Мөңгүлөр Кыргызстандын жаратылыш байлыгы. Келечекте сууга баа өсүп, ичүүчү суунун таңкыстыгы глобалдуу мүнөзгө ээ боло баштайт. Ошондуктан, биз суу ресурстарыбызды сакташыбыщз керек. Алтынды болсо жер алдынан казуу ыкмасы менен алуу керек”, - деди Шыкмаматов.