Интернет тармагында эки кичинекей кызды башка чаап жаткан орто курактагы аялдын видеосу таркаган. Андагы айтылгандарга караганда, окуя Бишкек шаарында болгондой түр калтырган. Бирок, укук коргоо кызматтары анын Ош шаарында болгонун аныкташты.

 

Ош аймактык ИИБинин маалыматына караганда, окуя 29-январда болгон. Соода борборунун 2-кабатында жайгашкан балдар аянтчасында үч кыз  уруша кетишкен. Эки кыз ылдый түшүшкөндө үчүнчү кыздын энеси кармап алып, бир нече жолу уруп жиберген.