Улуу Ата Мекендик согушта дайынсыз кеткен кыргыз жарандарынын бейити Германия, Белорусия жана Украинадан табылган. Алардын туугандары бейит башына барып келүүгө мамлекеттен колдоо сураган.
Бирок, Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин маалыматына караганда, буга 28 миллиард сом керектелет. Үч адамдан турган бир үй-бүлөнүн барып келишине 178 миң сом коротулат. Жалпысынан чет жерде жерге берилген жоокерлердин туугандарынан 12 кайрылуу түшкөн.
Алгач депутаттар кандай болгон учурда да жоокерлердин туугандарын бейит башына жиберүү зарылдыгын айтышты.
Депутат Мирлан Жээнчороев каражат издеп табуу керектигин белгиледи. Аны депутат Бахадыр Сулейманов да колдоду. Бирок, акырында акча жок болсо, мыйзам долбоорун кабыл алуунун зарылчылдыгы жок деген жыйынтыкка келишти.