Инстаграмга активист Зарылбек Аликенов видео жүктөдү. Анда Бажы кызматынын кызматкерлерин Кытай жарандарын Кыргызстанга киргизбөөгө чакырган. Кытайда этникалык кыргыздарга кысым көрсөтүлүп жатканына нааразыланган. Ошондой эле, кытайлардын темир, алтын, ал турмак кыргыз кыздарынан бери сатып алып жатканын айткан.
Видео жүктөлөөрү менен активист милицияга чакырылды. Чүй облустук ИИБинин маалыматына караганда, алар Аликенов менен профилактикалык маек кылышкан. Улуттар аралак жана аймактар аралык бөлүнүүнү жараткан маалыматтарга кылмыш жоопкерчилиги каралгандыгын эскертет.