26-декабрь күнү Бишкек шаарында “Сити Бишкек” отелинде “Зомбулуктуу экстремизмди алдын алууда Кыргызстандагы ЖМКнын ролу” аталышындагы жолугушуу өттү. Бул тууралуу ИИМден билдиришти. 

 

 

Иш-чара Кыргыз Республикасынын ИИМдин өнөктөштүгүнүн алдында Internews Европалык Союздун каржылык колдоосунун негизинде ишке ашырып жаткан “Борбор Азиядагы туруктуулукту жана тынчтыкты кубаттоо” долбоорунун алкагында уюштурулду. Жолугушууга ИИМдин, УКМКнын, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу диний иштер боюнча мамлекеттик комиссиянын, бейөкмөт уюмдардын жана ЖМКнын өкүлдөрү катышышты. Ички иштер министринин орун басары Мирлан Каниметов катышуучулар менен жолугушууда азыркы учурда коомдо экстремизм башкы коркунуч болуп саналат жана аны алдын алууда жалпыга маалымдоо каражаттары маанилүү ролду ойноорун белгиледи.

 

Экстремисттер заманбап технологияларды, интернетти, социалдык тармактарды өздөрүнүн идеологиясын жайылтууга жана жаңы мүчөлөрдү өздөрүнө тартуу үчүн колдонушууда. Укук коргоо органдары мамлекеттик органдар, бейөкмөттөр жана жалпыга маалымдоо каражаттары менен өнөктөштүктө экстремизмге каршы күрөшүүшүдө. Министрдин орун басары баардык катышуучуларга аталган көйгөйдү талкулоодо ийгиликтерди каалап, ушул багытта сунуштар менен пикирлерди айтууну, ал кийинки иштерде колдонуу үчүн эске алынаарын билдирди. Андан соң жолугушуунун модератору Фарход Рахматов ИИМдин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү кызматынын кызматкери Эрлан Бакиевге сөз берип, ал Экстремизмге каршы аракеттенүү боюнча мамлекеттик саясаттын концепциясынын маанилүү багыттары боюнча айтып берди. Алардын ичинде-калк арасында семинар, лекция, тренинг, форум жана конференция түрүндө алдын алуу иштерин жүргүзүү. Андан сырткары Интернетте экстремисттик уюмдардын ишмердүүлүгүнө бөгөт коюу үчүн интернет мейкиндигинде маниторинг жүргүзүлүп, экстремисттик багыттагы сайттар менен аккаунттар жабылып, уюштуруучулары аныкталууда.


Ал эми жолугушуунун башка спикери Кенешбек Сайназаров (Stach for Common Ground) “Зомбулуктуу экстремизмди алдын алуу үчүн медиа менен иштөө тажрыйбасы” темасындагы өзүнүн баяндамасында өздөрү иштеген уюмда 600 кызматкер Африканын жана Азиянын 30 өлкөсүндө иштеерин маалымдады. Алар өздөрүнүн ишинде жалпы кызыкчылыктарды издөөгө багыт алышып, экстремизм көйгөйлөрүн чечүүдөгү көп деңгээлдүү жана ар тармактуу ыкмаларды колдонушат. Алар кызыктыруучу суроолор боюнча эксперттер менен жолугушуп, журналисттер менен пресс-кафе уюштурушуп, вебинарларды, “Дүйнө таануу, Тынчтык жана Ислам” интеллектуалдык оюндарды уюштурушуп, “Жашстан” реалити-шоу өткөрүшүүдө.


Кыргызстандын Акыйкатчысы Токон Мамытов өз сөзүндө экстремизм менен күрөшүү ишиндеги өзгөчөлүктү-аларга каршы туруу татаал экендигин айтты. Бул экстремисттерде жалган болсо дагы өздөрүнүн идеялогиясы болуп, адамдарды азгырышат. Идеялогиянын таасири алдында адамдар террористтик актыларды жана башка мыйзамсыз иш-аракеттерди жасоого барышат. Ошондуктан аларга каршы туруу үчүн чыныгы Ислам тууралуу жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу түшүндүрүп туруу керек. Фарход Рахматов жолугушуунун аягында баардык катышуучуларга ыраазычылык билдирип, бул жолугушуу биринчи жолу өткөрүлүп жаткандыгын жана келечекте ушул сыяктуу иш-чаралар уюштурулуп тураарын билдирди.