Жыл жыйынтыктоочу маалымат жыйынында өлкө башчысы үй-бүлөсү тууралуу айтып берди.
"Үй-бүлөлүк башкаруу башталды деп айтып жатышат. Мен эгемен Кыргызстандын тарыхын билем. Ошондуктан, эч убакта үй-бүлөлүк башкаруу болбой турганын айтам. Кааласаңар, бир туугандарым менен тааныштырам. Каршылаштарым ушуну бетке кармап жатышат. Сегиз бир тууган калдык. Улуусу - илимдин доктору. Бир эжем математик, физик. Дагы бири медицина кызматкери. Ал Бишкектеги поликлиникалардын биринде иштейт, номерин айтпайм, издеп баштабагыла. жусупбек элчи. Дагы бир иним 35 жашында кайтыш болгон. Карындашым бар. Кичүү иним айылдагы үйдө жашайт, өзүн өзү багат", - деди президент.
Ал эми кудалары менен бир гана балдар темасында сүйлөшөөрүн билдирди.
"Кудамды Мегакомго кызматка койду деп журналисттер ызы-чуу кылышты. Ал дароо арызын жазып кетти. Мен аны билген эмесмин. Андай болушуна жол бербейм, силер да бербейсиңер", - деди ал.