Депутаттар УКМК жана Башкы прокуратура өкүлдөрүн жыйынга чакырышып, Өмүрбек Бабановго карата саясий куугунтук болгону боюнча маалымат алууну талап кылышкан. Бирок, спикер Дастан Жумабеков бул маселе пленардык жыйынга чыгаардан мурун комитеттерден каралып келиши шарт экенин эске салды. 

 

Депутат Максат Сабиров спикердин мындай чечимине нааразы болду. Ал Жумабековдун регламентти бузганын, бул маселе кечээ каралмак болгонун, бирок спикер анын ордуна Бактыгүл Жээнбаеванын каржы министрлигине талапкерлигин бекитүүнү киргизгенин айтты. 

 

"Ошондуктан Бабанов маселесин бүгүнкү күн тартибине киргизишиңиз керек. УКМК, Башкы прокуратура жетекчилерин, ИИМ министрин саат 11ге чакырып, маалымат угалы", - деди Сабиров талап кылып. 

 

Депутат Руслан Казакбаев да Сабировду колдоого алды. Анткен менен башка депутаттар каршы добуш беришти. Ошону менен Бабановго саясий куугунтук болгон-болболону тууралуу маалымат угулбай турган болду.