Эч кандай медициналык уруксат кагаздары жок эле бейтаптарды дарылаган Ашым (Хашим) Зайналиевдин оорулууларды кабыл алган үйү жабылат. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

 

- Мен кечээ ички иштер министринин биринчи орун басары менен сүйлөштүм. Бүгүн барып жабуу үчүн атайын топ кетти. Биз ИИМге буга чейин "жапкыла" деп үч жолу кат жазганбыз. Кечээ бул боюнча Коопсуздук кеңешинин катчысына, Башкы прокуратурага да кат жибердик, - деди Каратаев.

10-декабрда Ашым Зайналиевге Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренеси ("Мыйзамсыз дарыгерлик кылуу") менен иш козголуп, тергөө башталганы белгилүү болгон.

 

Саламаттык сактоо министрлиги чуулгандуу табып Ашым Зайналиевди жоопкерчиликке тартууну өтүнүп, 2016-жылдан бери Башкы прокуратурага бир нече жолу кайрылган. Эки жолу кылмыш иши козголуп, бирок жабылып калган. Саламаттык сактоо министрлиги учурда ал кайрадан оор дартка туш болгон бейтаптарды өз алдынча дарылоого аракет кылып жатканын, бул эч бир медициналык талапка шайкеш келбей тургандыгын эскертүүдө.

 

28-ноябрда Онкология борборунун балдар бөлүмүнө оор акыбалда беш жаштагы кыз түшкөн. Ак кан илдетине чалдыккан секелекти Ашым Зайналиев дарылаганы айтылууда. Зайналиев буга чейин да бир нече адамды дарылап, алардын арасында жарык дүйнө менен кош айтышкандар болгон.