Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 12-декабрда «Ата-Бейит» мемориалдык комплексине барып жазуучу Чыңгыз Айтматовдун бейитине гүл койду.

 

Жазуучуну эскерүүгө Жогорку Кеңештин Төрагасы Дастан Жумабеков, Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев, Кыргыз Республикасынын  Жогорку сотунун төрайымы Гульбара Калиева, Чыңгыз Айтматовдун туугандары, достору жана чыгармачылыгына таазим эткендер келишти.

 

 

 

Гүл койгондон кийин Куран окулду.

 

Андан соң Президент Сооронбай Жээнбеков  жана аны коштогондор 1937-1938-жылдардагы саясий репрессиянын курмандыктарынын эстелигине, 1916-жылдын курмандыктарынын монументине жана 2010-жылдагы Апрель элдик революциясынын курмандыктарынын мемориалына гүл коюп, Куран окутушту.