Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 12-декабрда Т.Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдык мааракесине арналган салтанаттуу жыйынга катышууда.

 

Мамлекет башчысы жыйындын алдында Филармонияда уюштурулган Чыңгыз Айтматовдун өмүрү жана чыгармачылыгына арналган сүрөт көргөзмөсү менен таанышып, театрлаштырылган программаны көрдү.

 

Президент Сооронбай Жээнбековдун сүйлөгөн сөзү толугу менен берилет:

 

"Айтматовдун 90 жылдыгы — улуу жазуучунун өзүнүн гана элесине арналган маараке эмес — жалпы элдик духтун, улуттук ар-намыстын,  мекенчилдик сезимдин салтанаты. Биздин жалпыбыздын майрамыбыз!

 

Ар бир элдин өзгөчө инсандары болот. Андай инсандар улут, өлкө, мамлекет деген ыйык түшүнүктөр менен бирдей каралат.

Алардын ысмы улуттун аң-сезиминде, дүйнө таанымында жашап калат", - деди президент.

 

 

«Кыргыз — Чыңгыз» деген түшүнүктөр ар бир адамдын, инсандын жүрөгүндөгү ыйык түшүнүк", - деп белгилеген мамлекет башчы  «Кыргыз — Манас — Чыңгыз» деген түшүнүктөрдү бөлүп кароого болбойт деп эсептейт.

 

 

"Айтматов адамдардын аң-сезимин өзгөрткөн залкар жазуучу гана эмес,  дүйнөлүк саясатка таасирин тийгизген планетардык инсан  болуп калды!

Ал — адабияттын гана руханий кубулушу эмес, ал дүйнөлүк  маданияттын феномени болду.

 

«Бул дүйнөдө адамдан адамга, муундан муунга өткөн акыл-эс гана түбөлүктүү. Аны жоготуп алса, адамзат да жоголот», — деп айткан.

 

Чыңгыз Төрөкулович «Адамга эң кыйыны — күн сайын Адам болуу. Адамдын абийири күн сайын сыноого түшөт», — деген.

 

Адам болуу, адамдыктын идеалын сактоо, анын ыйман тазалыгына умтулуу — бул жазуучунун ыймандык кодекси.

 

Бул сөздөр жазуучунун бизге калтырган аманат сөзү, аманат акылы.

 

Айтматовдун рух мурасына, казынасына үңүлүп карай турган болсок, улуу ойлордун учугун чубап чыгабыз.

 

Анткени, залкар жазуучу бу дүйнөдө өзү үчүн гана эмес, жалпы адамзат үчүн жашаган.

 

Биз үчүн дүйнөнүн жандырмагын чечүүгө аракет кылган, ар бир адамдын жүрөгүнө жарык жеткирүүгө аракет кылды.

 

Бүгүн Айтматовдун айрым осуяттарын, идеяларын эстөө орундуу болот деп ойлойм.

 

«Дүйнөнү түрө кыдырдым, бирок, мен үчүн Кыргызстандан өткөн ыйык түшүнүк жок. Өлкөмө жанымды карч уруп кызмат кылуу сезими дайыма көкүрөгүмдө жанар тоодой уюп келди», — деп Чыңгыз Айтматов айткандай, өлкө эӊ оболу ар бирибиздин аракетибизден башталат.

 

Өлкөбүздүн жана элибиздин эркиндиги үчүн, биздин ата-бабаларыбыз, өзүлөрүнүн жанын аяган эмес жана бизге, эркин «Кыргыз мамлекети» деген өтө ыйык мурасты калтырып кетишти.

 

Ушул ыйык мурасты сактайлы, урпактарга табыштайлы.

 

Айтматовдун осуяттарын кармоону биз ишибиздин ыймандык нормасына айлантуубуз керек", - деди Сооронбай Жээнбеков.

 

Белгилей кетсек, бүгүн, 12-декабрь улуу жазуучунун туулган күнү.