Жыл сайын бюжеттен камакка алынгандар  үчүн   300 млн сом каражат сарыпталат. Анын 200 миллиону  Жазак аткаруу кызматы менен Тергөөнүн убактылуу кармоо жайына жумшалса, УКМКнын абагына 100 млн сом бөлүнөт.

 

Бул тууралуу депутат Дастан Бекешев Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү, коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетте Кылыш-процесстик кодекске сунушталган өзгөртүүлөр талкууланып жатканда билдирди.

 

Ошондуктан, депутат жеңил кылмыш менен кармалгандарды күрөө менен бошотуу демилгесин көтөрдү. 

 

«Кодекстеги күрөө коюуга байланыштуу берене азыркыга чейин иштей элек. Эгерде адам экономикалык кылмыш жасаса, анда ал күрөө коюу менен камактан бошотулушу керек. Күрөөгө коюла турган акчасы жок болсо, качып кетпөө боюнча тилкаты менен бошотулса деле болот. Ал качып кетсе, баары бир акчасы калып жатпайбы», - деди ал.

 

Андан сырткары, Башкы прокуратура күрөөгө мүлк эмес, акча коюлушу керектигин айтып жатканы белгилүү болду.