Урматтуу мекендештер!

 

Биринчиден, өзүмдүн ден-соолугума байланыштуу, экинчиден, ФБдагы ыпыр-сыпыр сөздөрдөн тажап, маанисиз ушак, божомолдордон оолак болуу максатында ага кирүүнү токтотконума көп болгон.

 

Кечээ күнү жубайымдын “ватсабына” анын бир таанышы ФБга жарыяланган, силердин тил менен айтканда “фейк”, менин кыргызча түшүнүгүмдө “карөзгөй чагымчынын”, менин улуу балам Равшан Жээнбеков жөнүндөгү кезектеги “өрдөк чагымын” салып жибериптир.

 

Аргасыздан окуп чыгууга туура келди. Ал чагымчы “автор” менден уулум Равшанга таасир этүүмдү да сураныптыр. Түрк врачтарынын мага жасаган операциясы үчүн “бир жылдан бери миң доллар карызын бербей жүрөт. Бул жоругу менен Равшан Жээнбеков өзүн эмес, бүтүндөй Кыргызстанды, кыргыз элин уят, маскара кылып жатат. Түрктөр экинчи кыргыздарга ишенбей калат”,- маанисинде “күйүп-бышып”, кыргыз элинин абийирин, ар-намысын “катуу коргоптур”.

 

Ушундан улам ФБга кайрадан аралашуу, өзүңөргө кайрылып, “Майдан” гезити, “Кыргызстан бүгүн” сайты  аркылуу жооп берип коюу муктаждыгы пайда болду.

 

Биринчиден, өткөн 2017-жылдын 22-декабрында менин Түркияда операция болгондугум, ашказанымды толук алдырып, бүгүнкүгө чейин кыйналып, эми гана аз-аздан элге да, тамакка да аралаша баштаганым чындык.

 

Экинчиден, колунан келгендин баарын жасап, Равшандын мени Түркияга алып барганы, операция жасоо боюнча сүйлөшүүлөрдү алдын-ала ийне-жибине чейин тиешелүү адамдар менен сүйлөшүп, эсеп-кысабын такташып, Түркияга анан гана аттанганыбыз, албетте, чагымчыларга белгисиз болгону менен түрк туугандар үчүн дагы, биз үчүн дагы айныгыс чындык.

 

Үчүнчүдөн, макулдашылган акча каражаты мен жаткан оорукананын чет элдик ооруулуулар менен иштөө боюнча өкүлүнө операцияга бир күн калганда менин көзүмчө колмо-кол тапшырылган. Анан кайдан жүрүп “алдамчылык”, “берилбеген акча” тууралуу сөздөр чыгышы мүмкүн эле? Буга кимдер кызыкдар? Баягы эле “саясаттын сасык оюнун” кимдер тымызын кызытууда? Бул жагына абай салып, ойлоп көрдүңөрбү?

 

Ушул кайрылуум аркылуу мен баарыңарга бир нерсени так кесе айтып коюуну өзүмдүн силерге карата аксакалдык дагы, калыстык дагы милдетим деп эсептейм.

 

Кандай гана ата-эне болбосун уул-кызынын ата-энесин, элин, жерин сыйлаган, алар үчүн кам көргөн мээримдүү, боорукер, жан-дилинен күйгөн адамдардан болуусун ар бир куттуу күнү Кудайдан суранып-тиленет. Алардын ичинде мен да бармын.

 

Менин бешенеме жазып, Равшандай жеңилимди жерден, оорумду колдон алган боорукер, жапакеч, барпаң мүнөз, эли-жери үчүн күйүп-бышкан, чындык, акыйкаттык, калыстык үчүн башын канжыгага байлоого даяр бала бергендигине мен Кудай таалама миң мертебе ыраазымын. Эгер бардык эле уул-кыздарыбыз менин уулумдай болсо Кыргыз мамлекети бүгүнкүдөн алда канча жаркын жашоонун үстүндө болмок, көпчүлүгүбүз ФБга отуруп алып ушактарды учуруудан оолак болмокпуз.

 

Ошондуктан, оозубуз мене “орок оруп”, башкаларды негиз каралоолордон алыс болбойлубу?

 

Мен уулумдун тикелей жөлөгү, таянычы, мээрими менен тиги дүйнөнүн босогосунан кайтып келген адаммын. Ал үчүн балам Равшанга чексиз ыраазымын. Бар бол, балам! Бул дүйнөдө эч нерседен кем болсо. Башыңдан бакыт, оомат кетпесин.

 

 

 

Бабырбек Жээнбеков.

10.12.2018-жыл.

“Майдан. kg гезити