2018-жылдын 1-декабрына карата 1 миң 348 салык төлөөчү салык кызматынын сайты аркылуу экономикалык ишин жүргүзүүгө электрондук түрдө патент сатып алышты. Онлайн түрүндөү патентти  сатып алгандардын көрсөткүчү бул аймактарда көп -  Ош (366 патент), Бишкек (229), Жалал-Абад (99). Ошондой эле,  Аламүдүн районунда – 92 патент, Жайыл районунда – 47, Жети-Өгүз районунда – 31, Түп районунда – 26, калганы – башка район жана шаарларда сатылган.

 

Электрондук патентти алуу  МСКнын www.salyk.kg – “Салык төлөөчүнүн кабинети” электрондук кызматы жана eID-карта (2017-жылкы жаңы үлгүдөгү паспорт) аркылуу жүргүзүлөт.

 

  

2018-жылдын 1-октябрынан тартып  Мамлекеттик салык кызматы өлкөнүн  бардык аймактарында ведомствонун сайты аркылуу электрондук түрдө патент бере баштаган.