Экс-президент Алмазбек Атамбаев “Апрель” телеканалына кезектеги жолу маек берди. Экс-мэр Нариман Түлеевдин соцтармактарга жарыялаган Атамбаев экөө чогуу түшкөн сүрөт тууралуу да айтты.

 

“Учакка отурганымда артымда бирөө бакылдап эле сүйлөп жатыптыр. Бурулуп карасам Нариман Түлеев. Бери кел дегендей ишараат кылсам келди. Эмне арманың, арызың бар айт десем, үч сааттан ашык арманын төгүп айтты. Ал айткан сөздөрдү кайталасам өзүнө ыңгайсыз болот. Аман эле болсун, аман эле болсун. Калп айткан жагынан алдыга кетиптир...” – деди Атамбаев.