Урматтуу Сооронбай Шарипович!

 

Биз, “Кыргыз элинин дүйнө таанымы, дини жана ишеними – Теңир” деген темада өткөн илимий-практикалык конференциянын катышуучулары, Сиз демилгелеген Кыргыз көчүн улап, өтө тынчсыздануу менен Сизге кайрылып жатабыз.

 

Сиз, Кыргыз Республикасынын Президенти катары, бир нече жолу төмөнкү мааниде элге айттыңыз эле:

- Конституцияны жана мыйзамдарды бузууга жол берилбейт;

- соттордун чечимдеринин аткарылышын катуу көзөмөлгө алынат;

- ар бир адамдын мыйзамдуу укуктары корголот.

 

Бирок, тилекке каршы, жогорудагы Сиз тараптан айтылган убадалардын аткарылышы дээрлик жокко эсе. Далил катары Сизге төмөнкү мисалдарды келтирсек.

 

Бишкек район аралык соттун 2016-жылдын 14-мартында күчкө кирген чечимин Сизге түздөн түз баш ийген бийлик органы, башкача айтканда, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик дин иштер боюнча комиссиясы, балким Сизге таянып, Кыргыз Республикасынын Конституциясы менен мыйзамдарын ачык эле аткарбай, “тебелеп” жатат. 

 

Мындай мыйзам бузуулар жөнүндө Сизге жана КР ИИМ жетекчилигине кайрылганда, Силерден мыйзамдуу реакцияны көбүрөөк күткөнбүз. Тилекке каршы, эки айдан бери жооп жок.

 

Эгерде бул ачык Кайрылуудан кийин дагы эле мыйзам бузулуулар улантылса, бизди силер Бириккен улуттар уюмуна кайрылууга мажбурлап жатасыздар.

 

Урматтоо менен, “Кыргыз элинин дүйнө таанымы, дини жана ишеними – Теңир” деген темада өткөн илимий-практикалык конференциянын катышуучулары.

 

ххх

 

2018-жылдын 8-декабрында Бишкек шаарындагы «Достук» мейманканасында

 

«КЫРГЫЗ ЭЛИНИН ДҮЙНӨ ТААНЫМЫ, ДИНИ ЖАНА ИШЕНИМИ - ТЕҢИР»

деген темада өткөн илимий-практикалык конференциянын

 

РЕЗОЛЮЦИЯСЫ

 

Конференция төмөнкү чечимдерди кабыл алат:

 

1. Кыргыз элинин материалдык жана руханий баалуулуктарын укук талаасынын чегинде, цивилизациялуу формада коргоп, аларды келечек урпактарга кемитпей жеткирип берүү үчүн Кыргыз Республикасынын Конституциясынын нормаларына ылайык Теңир дини мамлекеттик расмий каттоодон өтсүн.

 

2. Теңир дининин теориялык негизи катары Гүлзат Аалиева менен Кылычбек Кыдыршаев даярдаган «Концепция» кабыл алынсын.

 

3. Ачык Кайрылуу менен Конференциянын резолюциясы Кыргыз Республикасынын Президентине жөнөтүлсүн.

 

4. Теңир динин каттоо тууралуу Бишкек район аралык сотунун чечимин аткарбаган мамлекеттик дин иштери боюнча комиссиясынын жетекчиси Кыргыз Республикасынын ички иштер министрлиги аркылуу жоопко тартылсын.  

 

5. Кыргыз элинин руханий кайра Жаралуусу боюнча 2019-жылдын 16-мартында өтө турган Элдик Курултайдын уюштуруу комитети түзүлсүн.

 

  1. Конференциянын материалдары массалык маалымат каражаттары аркылуу чагылдырылсын.

 

Бишкек шаары, 08.12.2018-ж.