Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетинин жыйынында «Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин талаптарына ылайык жүргүзүлгөн республиканын жер фондусун инвентаризациялоонун абалы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын айыл чарба, тамак аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин маалыматы угулду.

 

Күн тартибине коюлган маселе боюеча КР айыл чарба, тамак аш өнөр жайы жана мелиорация министринин орун басары Жаныбек Керималиев жана “Кыргызмамжердолбоорлоо” жерге жайгаштыруу боюнча мамлекеттик долбоорлоо институту мамлекеттик ишканасынын директору Ажыбек Касымалиевдин маалыматына караганда, КР Өкмөтүнүн 2014-жылдагы токтомунун некгизинде өлкө аймагындагы жерлерди инвентаризациялоо иштери жүргүзүлүп келет. Бул иштин аягына чыкпагандыгына каржылоо маселесинен жерди инвентаризациялоонун максатын түшүнбөгөн жергиликтүү аткаминерлердин каалоосу болбогондугуна чейин бир катар себептер бар. Ошентса дагы бүгүнкү күндө 26 райондо жерлерди инвентаризациялоо иштери жыйынтыкталып, сугат айдоо аянттары көбөйгөн. Сугат айдоого негизинен жайыт жерлеринен, көп жылдык бактардан, кысыр аңыздардан, чөп чабындылардан жана кайрак айдоодон өздөштүрүлгөн.

 

Инвентаризациялоонун жыйынтыгы менен өлкө аймагындагы жерлер такталып, жердин менчик түрүнө карабастан республиканын бюджетине түшө турган жер салыгы көбөйүп, жерди туура пайдалануу камсыздалат. “Кыргызмамжердолбоорлоо” жерге жайгаштыруу боюнча мамлекеттик долбоорлоо институту мамлекеттик ишканасынын директору Ажыбек Касымалиев өзү жетектеген мекеменин кызматкерлеринин эмгек акысы болгону 5000 сом экенин, айлыктын аздыгы дагы көп иштерге кедергисин тийгизип жатканын кошумчалады.

 

Талкууда депутат Алмазбек Акматов бүгүнкү күндө жер саясатын жүргүзгөн төрт мамлекеттик орган (Айыл чарба министрлиги, Мамлекеттик каттоо кызматы, Экотех инспекция жана Юстиция министрлиги) бар экенин, мындан улам жерди инвентаризациялоо баш-аламан болуп  жыйынтыкталбай жатканын айтып, КР Өкмөтүн бул маселеге олуттуу мамиле жасоого чакырды. Ошону менен катар эл өкүлү жер саясатын жүргүзүүчү бирдиктүү бир гана орган болушу керек деген пикирин баса белгиледи.

 

Ал эми депутат Абылкайыр Узакбаевдин пикиринде,  жерлерди инвентаризациялоонун бүтпөй жатышы жөн эле бюрократиялык жагдайлардан улам болуп жатат дейт. Ошондой эле депутат мамлекет башчысынын административдик-территориялык реформа боюнча чыгарган Жарлыгын дагы эске салып, жерлер инвентаризацияланып бүтпөсө, аталган Жарлык аткарылбай калабы деген маселени кабыргасынан койду.