Коомдук каналдын Байкоочу кеңешинин мүчөсү Айгүл Алмасбековна өзүнүн арызы менен ээлеген кызматынан бошотулду. Буга тийиштүү токтомду Жогорку Кеңеш кабыл алды.
Мындан улам парламент бош калган кызмат ордуна сынак жарыялады. Сынакка кандай жарандар катыша алаары боюнча эреже-шарттар төмөндөгүдөй:
Жарандык коомдон Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын Байкоочу кеңешинин мүчөсүнүн бош кызмат ордуна талапкерлерди көрсөтүүнүн шарттары жөнүндө
“Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү коропорациясы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 13-беренесинин 3-бөлүгүнүн үчүнчү абзацына ылайык жарандык коом (окуу жана илимий мекемелер, чыгармачыл союздар, коомдук бирикмелер, жалпыга маалымдоо каражаттары жана башка уюмдар) Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын Байкоочу кеңешинин курамына талапкер боюнча өздөрүнүн сунуштарын Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин тармактык комитетине жазуу жүзүндө киргизет.
“Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 13-беренесине ылайык жогорку билими жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын чөйрөсүндө, өкмөттүк эмес уюмдарда, чыгармачыл бирликтерде 5 жылдан кем эмес иш тажрыйбасы бар адам Кеңештин мүчөлүгүнө талапкер болууга тийиш.
Комитет сунушталган талапкерлердин ичинен жогоруда көрсөтүлгөн критерийлерге ылайык келген талапкерлерди тандайт жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизет. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши рейтингдик добуш берүү жолу менен бир талапкерди бекитет.
Өздөрүнүн талапкерлерин көрсөтүүгө кызыкдар жарандык коомдун өкүлдөрү 2018-жылдын 14-декабрына чейин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитетине төмөндөгүдөй документтерди берүүгө тийиш:
- талапкерди көрсөткөн уюмдун сунуштарын жана чогулушунун протоколун;
- талапкердин резюмесин;
- талапкердин паспортунун, дипломунун жана эмгек китепчесинин нотариус күбөлөндүргөн көчүрмөсү.
Сынакка катышуу үчүн зарыл документтер (уюмдун сунуштарын, чогулушунун протоколу, паспортунун, дипломунун жана эмгек китепчесинин нотариус күбөлөндүргөн көчүрмөлөрү, жазуу түрүндөгү резюмеси) чапталган конвертте: Бишкек шаары, Чүй проспектиси 205, “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитетине” деген белгиси бар дарек боюнча берилүүгө тийиш.
Каттар үчүн үкөк Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин имаратынын батыштагы кире беришиндеги контролдук-өткөрмө пунктунда (КӨП) болот. Документтер 2018-жылдын 14-декабрында 17 саат 30 мүнөткө чейин кабыл алынат.
Көрсөтүлгөн мөөнөттөн кийин келип түшкөн же белгиленген эрежелерге ылайык келбеген арыздар каралбайт.