2018-жылдын 24-ноябрь күнү саат 23:00 чамасында Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарында ылдамдыгы секундасына 24-28 метрге жеткен шамал катталган.  Шамал №1 Л.Толстой атындагы орто мектептин 60 чарчы метр чатырын (профнастил), №2 Ж. Бөкөнбаев атындагы орто мектебинин складынын 7 чарчы метр шиферин, 2 турак үйдүн 230 чарчы метр чатырын (профнастил) жана башка бир нече имараттардын чатырларын учурган. Адам өмүрүнө зыян келтирилген эмес.

 

Бул тууралуу ӨКМдан билдиришти. 

 

Окуя болгон жерде  райондук Жарандык коргонуу комиссиясы тарабынан тактоо жана түшүндүрүү иш-чаралары жүргүзүлгөн. Келтирилген материалдык чыгым такталууда.