Баткен облусунун прокурору киши колдуу болуп каза тапкан. Анын үй-бүлөсүнө прокуратура кызматкерлери жардам иретинде каражат чогултушат. 

 

Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти. 

 

Маалыматка караганда, республика боюнча прокуратура тармагында 800дөн ашык кызматкер иштейт. Алардын баары маркумдун үй-бүлөсүнө 1000 сомдон беришет. 

 

Учурда маркум каза тапкан жерде кырдаалды иликтөөгө башкы прокурор барган. Каза тапкан Анарбай Мамажакыпов бүгүн жерге берилет. Артында төрт баласы калды. 

 

Анарбай Мамажакыпов 43 жашта болгон. Ош облуунун Чоң-Алай районунда туулган. Ушул жылдын май айынан бери Баткен облустук прокуратурасын жетектеп келген. Ал 18-ноябрга караган түнү киши колдуу болду. Шектүү катары Баткен мэриясынын капиталдык курулуш Башкармалыгынын кызматкери кармалганы айтылууда.